Кеминдин жолундагы кырсыктан бир адам каза таап, төрт киши жабыркады

CC BY 2.0 / Tony Webster / Cracked WindshieldЖол кырсыкка түшкөн автоунаа. Архив
Жол кырсыкка түшкөн автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2021
Жазылуу
Жолдун 114-чакырымында Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, машина жолдон чыгып оодарылып кеткен.
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Кемин районундагы Бишкек — Нарын — Торугарт айланма унаа жолундагы кырсыктан бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
КамАЗ. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.05.2021
КамАЗ аласалып кетти. Чүйдөгү үрөй учурган жол кырсыгынын видеосу
Кырсыктын кесепетинен 41 жаштагы адам каза болуп, дагы 41, 44, 23 жана 40 жаштардагы төрт эркек киши жабыркаган.
Жерине төрт куткаруучу тартылып, каза болгон жаранды унаадан чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркагандар Тез жардам кызматынын унаасы менен райондук ооруканага жеткирилген.
Жаңылыктар түрмөгү
0