"Сапаттын" түзүүчүлөрүнүн бири Орхан Инанды дайынсыз болуп, милиция издеп жатат

© Фото / пресс-служба МОУ "Сапат""Сапат" лицейин түзүүчүлөрдүн бири Орхан Инанды. Архив
Сапат лицейин түзүүчүлөрдүн бири Орхан Инанды. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.06.2021
Жазылуу
Ал киши акыркы ирет байланышка кечээ күнү кечинде чыккан. 1-июнда эртең менен эрте 12-кичи райондон бош калган автоунаасы табылган.
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Борбор калаада "Сапат" лицейин түзүүчүлөрдүн бири Орхан Инанды дайынсыз болууда. Маалыматты Октябрь РИИБден тастыкташты.
Милицияга 1-июндун таңында, саат 04:20да Бишкектеги 12-кичи райондон Lexus 470 автоунаасы табылгандыгы, эшиги бекитилбей жана ичи бош экенин кабарлаган билдирүү түшкөн.
Церемония присвоения президентам Кыргызстана и Турции звания Почетного доктора КТУ Манас - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.09.2018
Эрдогандын Кыргызстанга сапары: "Маариф" фонду маарытабы
Ал жерден Ю. К. аттуу жаран атасы И. О. аттуу адам ушул автоунаа менен жүргөндүгүн айтып арыз жазган. Акыркы ирет ал кечээ, 31-майда, болжол менен саат 18:00дө байланышка чыккан.
Инандыны милициянын тажрыйбалуу кызматкерлери издеп жаткандыгын айтышты.
"Себат" билим берүү мекемеси 2017-жылы "Сапат" деп атын өзгөрткөн. Анда аталган мекеменин түзүүчүлөрү Кыргызстандын үч жараны — Майрамбек Жумалиев, Жолдошали Көчкөнбаев, Орхан Инанды жана министрлик экени маалымдалган.
Жаңылыктар түрмөгү
0