"Ош" базарына жакын жерден өрт чыкты. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековӨрт өчүрүп жаткан ӨКМ кызматкерлери. Архив
Өрт өчүрүп жаткан ӨКМ кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.05.2021
Жазылуу
Күбөлөрдүн айтымында, таунхаус күйүп жатат. Жеринде эки өрт өчүрүүчү унаа иштөөдө. Учурда өрт чектөөгө алынды.
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Бишкектеги "Ош" базарына жакын аймакта турак жай өрттөнүп жатат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Кырсыктын видеосу соцтармакка жарыяланды. Күбөлөрдүн айтымында, таунхаус күйүп жатат.
ӨКМдин маалыматына караганда, Трудовой көчөсүндөгү үйдөн чыккан өрттү өчүрүү үчүн саат 19:04тө эки өрт өчүрүүчү унаа жиберилген. Ал эми саат 19:11де суу ташыган унаа жөнөтүлгөн.
Өрт саат 19:46да чектөөгө алынды.
Жаңылыктар түрмөгү
0