"Ысык-Ата" курортундагы мушташта кайгуул милициянын кызматкерлери да болгон

© Sputnik / Табылды КадырбековКолуна бычак кармаган адам. Иллюстративдик сүрөт
Колуна бычак кармаган адам. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.05.2021
Жазылуу
Чыр-чатактын кесепетинен эки жаран жаракат алып, борбор калаадагы ооруканалардын бирине кайрылганы айтылат.
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Чүй облусундагы "Ысык-Ата" курортунда бир нече кишилер мушташып, жаңжалга Бишкек шаардык кайгуул милициянын кызматкерлери дагы аралашкан. Бул тууралуу Чүй облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, кечээ, 30-май күнү, Ысык-Ата РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө "Ысык-Ата" эс алуу жайында чыр-чатак чыкканы тууралуу билдирүү түшкөн. Бул факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси ("Ээнбаштык") менен катталган.
"Алдын ала териштирүү учурунда бир нече эркек кишинин ортосунда уруш чыгып, эки жаран жаракат алып борбор калаадагы ооруканалардын бирине кайрылган. Жаңжалдын катышуучуларынын арасында Бишкек шаардык кайгуул милициянын  кызматкерлери бар экени маалым болду. Учурда окуянын эмнеден келип чыкканы териштирилип жатат", — деп айтылат маалыматта.
Бул окуя боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0