Мүрзөдөн өлтүрөбүз. Нарында карыяны коркутуп, видеого тарткандар кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековКишенделген адам. Архив
Кишенделген адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.05.2021
Жазылуу
Буга чейин социалдык тармактарда автоунаанын ичиндеги эки кишинин "колу-бутун байлап, талаадан, мүрзөдөн өлтүрөбүз" деп карыяны коркуткан видеосу тараган.
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Нарында аксакалды өлтүрөбүз деп коркутуп, видеого тарткандар кармалды. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Буга чейин социалдык тармактарда автоунаанын ичиндеги эки кишинин "колу-бутун байлап, талаадан, мүрзөдөн өлтүрөбүз" деп карыяны коркуткан видеосу тараган. Маалым болгондой, окуя Кочкор районунда болгон.
"Аталган факт Кочкор РИИБи тарабынан каттоого алынып, ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө видеону тарткандардын ким экени такталып, кармалган. Азыркы учурда териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат", — деп айтылат маалыматта.
Нарын облустук ички иштер башкармалыгы учурда тергөө иштери жүрүп жаткандыктан жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат кийинчерээк бериле турганын кабарлады.
Жаңылыктар түрмөгү
0