Чүйдө 50 жаштагы милиционер-айдоочу апийим менен кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековНаручники и фуражка милиционера
Наручники и фуражка милиционера - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.05.2021
Жазылуу
Кечээ Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы атайын операция жүргүзүп, апийим менен эки кишини колго түшүрдү.
БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Чүйдө милиционер-айдоочу менен жай тургун апийим менен кармалганын ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, кечээ, 28-майда, саат 18:00дөр чамасында министрликтин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы атайын операция жүргүзгөн.
"Натыйжада Сокулук районунун Орок айылынан 48 жаштагы И.А. аттуу жаран кармалып, андан кочкул күрөң түстөгү өзгөчө жыты бар зат табылган. Ал болжол менен 1 685 грамм апийим болгон. Андан аркы иштердин жүрүшүндө баңги кылмышына шектүү катары 50 жаштагы С.Н. кармалып, 25 грамм апийим табылып алынган. Ал райондук башкармалыктардын биринде айдоочу болуп иштеген милиционер экени аныкталды", — деп жазылган маалыматта.
Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0