Бишкекте жолдогу аялды скутери менен жөөлөй качкан бала кармалды. Видео

© Sputnik / Мурад ОруджевУжесточение карантинного режима в Азербайджане
Ужесточение карантинного режима в Азербайджане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.05.2021
Жазылуу
Кырсыктан жаракат алган 61 жаштагы аял аны жөөлөгөн бала менен ооруканага барган. Бирок айдоочу бир аз убакыттан кийин из жашырып кеткен.
БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Бишкекте жолдон өтүп бара жаткан 61 жаштагы аялды скутери менен жөөлөй качкан 21 жаштагы бала кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы кабарлады.
Окуя 28-май күнү саат 14:00дө болгон. Анда Жукеев-Пудовкин көчөсү менен Саманчин көчөсүнүн кесилишиндеги жөө киши өтө турчу чийиндеги аялды түндүктү көздөй кетип бараткан скутердин айдоочусу жөөлөп кеткен.
Милиция тараткан видеодо аял зуулдап келе жаткан скутерди көрүп бат өткөнгө аракет кылганын, бирок үлгүрбөй ага урунуп кулап түшкөнүн көрүүгө болот.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Байказы Айтикул уулу (@baikazy93)

"Кырсыктан жаракат алган 61 жаштагы аял айдоочу менен ооруканага барган. Бирок аны жөөлөгөн бала бир аз убакыттан кийин из жашырып кеткен. Кайгуул кызматкерлери 21 жаштагы баланы таап, кийинки териштирүүлөр үчүн Бишкек ШИИБге өткөрүп беришкен", — деп айтылат маалыматта.
Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар кодексинин ("Автомототранспорттук каражаттардын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу") беренеси менен каттоого алынып, соттук өндүрүш башталды. 
Жаңылыктар түрмөгү
0