Оодарылган КамАЗ. Чүйдөгү жол кырсыктан 8 адам жабыркаганы такталды

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаасы. Архив
Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.05.2021
Жазылуу
Буга чейин милиция беш адам жабыркаганын кабарлаган. Алдын ала маалымат боюнча, эки унаа бетме-бет кагышкан.
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Toyota Ipsum менен КамАЗ кагышкан жол кырсыктан сегиз киши жабыркады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Жол кырсык Чүй облусундагы Степное айылында болгон. Жеринде куткаруучулар иштеди.
Буга чейин милиция беш адам жабыркаганын кабарлап, каза болгондор жок экенин айткан.
Автоинспекторлордун версиясына караганда, Toyota Ipsum үлгүсүндөгү жеңил унаа алдыда бара жаткан комбайндан озуп өтүүгө аракет кылып, аны жөөлөп алган. Ошол учурда каршы тилкеде келе жаткан жүк ташуучу унаа менен кагышкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0