18:38 17 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.7772
  • EUR99.8421
  • RUB1.1684
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
221 0 0

УКМК берген маалыматтарга караганда, алты жерден майнинг-фермалар аныкталып, ишине бөгөт коюлуп, 2000 жабдуусу алынган.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагынан электр тармагына ири зыян келтирген майнинг-фермалардын мыйзамсыз иш-аракеттери аныкталып, бөгөт коюлду. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Ыкчам-тергөө иштери Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагынан майнинг-ферманы иштетүүгө электр энергиясы мыйзамсыз берилгенин тапты. Андан сырткары, электр кубатын керектөөдөн ири пайда таап, андан улам республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнө кирбей калган ири өндүрүш ишканаларын аныктады" — деп айтылат маалыматта.

Аталган факт УКМКнын сотко чейинки өндүрүшүнө катталган.

Кылмыш ишинин алкагында төмөнкү даректер боюнча майнинг-ферма иштерин уюштуруу үчүн 2000ге жакын жабдуу алынган:

  • Чүй облусу, Ысык-Ата району, Дружба айылы;
  • Бишкек шаарындагы Чокан Валиханов көчөсүндөгү өнөр жай объектилери;
  • Бишкек шаарындагы Табалдиев көчөсүндөгү өнөр жай объектилери;
  • Эркин экономикалык аймактагы Бишкек шаардык өнөр жай объектилери;
  • Бишкек шаарындагы "Фрунзе" заводу, Интергельпо көчөсү;
  • Бишкек шаарындагы Чокан Валиханов көчөсүндөгү менчик объект.

Учурда УКМК мыйзамсыз иш-аракеттерге тиешеси бар адамдардын бардыгын аныктоо боюнча иш-чараларды улантууда.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Тема боюнча

Үнөмдөгүлө! Бийлик кышында электр энергия тартыш болорун элге эскертти
Кыргызстанда криптовалюта алмаштыруу жайын ачуу сунушталууда
Белгилер:
Кыргызстан, Чүй облусу, Бишкек, УКМК, майнинг

ЭҢ МААНИЛҮҮ