Актөбөдө кыргызстандык жаран жол кырсыгына кабылып, эки адам каза болду. Сүрөт

© Фото / пресс-служба Департамента полиции Актюбинской областиАктөбөдө кыргызстандык жаран менен болгон жол кырсыгы
Актөбөдө кыргызстандык жаран менен болгон жол кырсыгы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.05.2021
Жазылуу
Таң эрте катталган кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын 61 жаштагы айдоочусу жана бир жүргүнчүсү каза болгону айтылат.
БИШКЕК, 26-май. — Sputnik. Самара — Шымкент жолунун 909-чакырымындагы Казакстандын Хромтау районунун Бөгөтсай тилкесинде кыргызстандык айдоочу жол кырсыгына кабылды. Бул туурасында Актөбө облустук Полиция департаментинин маалымат кызматы билдирди.
© Фото / пресс-служба Департамента полиции Актюбинской областиСамара — Шымкент жолунун 909-чакырымындагы Казакстандын Хромтау районунун Бөгөтсай тилкесинде кыргызстандык айдоочу жол кырсыгына кабылды
Страшное ДТП в Казахстане с участием кыргызстанца - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Самара — Шымкент жолунун 909-чакырымындагы Казакстандын Хромтау районунун Бөгөтсай тилкесинде кыргызстандык айдоочу жол кырсыгына кабылды
Ага ылайык, окуя кечээ, 25-майда, эртең менен саат 06:00дөр чамасында болгон.
"Алдын ала версия боюнча, Nissan Primera үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу каршы тилкеге чыга коюп, кыргызстандык айдоочу башкарып бараткан жүк ташуучу унаа менен кагышкан. Кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын 61 жаштагы айдоочусу жана бир жүргүнчүсү каза болду", — деп айтылат маалыматта.
Буга байланыштуу Актөбө облустук Полиция департаменти айдоочуларга жол эрежесин кылдат сактоо керектигин эскертет.
Жаңылыктар түрмөгү
0