Бишкекте кафеде чыккан өрт өчүрүлдү

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги өрттү өчүрүүдө ӨКМ кызматкери. Архив
Бишкектеги өрттү өчүрүүдө ӨКМ кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.05.2021
Жазылуу
Тилсиз жоо чектөөгө алынган соң, 40 мүнөттөн кийин толугу менен өчүрүлдү. ӨКМдин маалыматына караганда, жабырлануучулар болгон жок.
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Бишкектеги кафелердин биринде чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Эске салсак, борбор калаанын 7-апрель-Мадиев көчөлөрүнүн кесилишинде кафеден 19.00 чамасында өрт чыккан.
Жеринде өрт өчүрүүчү эки бригада иштеди. Тилсиз жоо 19:10до чектөөгө алынып, 19:58де толугу менен өчүрүлдү. Жабыркагандар жок.
Жаңылыктар түрмөгү
0