Бишкекте эркек кишини бычактап салды деп 48 жаштагы аял кармалды. Сүрөт

© Sputnik / Табылды КадырбековКиши колунда бычак менен. Иллюстративдик сүрөт
Киши колунда бычак менен. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.05.2021
Жазылуу
Ыкчам-тергөө тобу 50-55 жаштагы эркек киши кыйналып өлтүрүлгөнүн аныктаган. Маркум Жалал-Абад облусунун 45 жаштагы тургуну жана үй-жайсыз экени белгилүү болду.
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Бишкекте 48 жаштагы аял өзүнөн үч жаш кичүү кишини бычактап салды деп кармалганын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.
Милицияга билдирүү 23-май күнү саат 19:26да түшкөн. Анда Тоголок Молдо көчөсүндөгү "Пишпек" ресторанынын жанындагы бак-дарактардын арасында эркек кишинин сөөгү жатканын айтышкан.
© Фото / пресс-служба УВД Первомайского районаБишкекте 48 жаштагы аял өзүнөн үч жаш кичүү кишини бычактап салды деп кармалганын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады
Подозреваемая в убийстве в центре Бишкека - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Бишкекте 48 жаштагы аял өзүнөн үч жаш кичүү кишини бычактап салды деп кармалганын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады
Окуя болгон жерге барган Биринчи май РИИБдин ыкчам-тергөө тобу 50-55 жаштагы эркек киши кыйналып өлтүрүлгөнүн, денесинде бычактын издери бар экенин аныктаган.
Кишенчен киши. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.05.2021
Бишкекте энеси менен кызын өлтүрүүгө шектелип өспүрүм кармалды
Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренеси ("Киши өлтүрүү") менен каттоого алынып, тергөө иштери башталган.
Маркум Жалал-Абад облусунун 45 жаштагы тургуну жана үй-жайсыз экени аныкталган. Аны өлтүрүүгө шектелип Ысык-Көл облусунда төрөлгөн 48 жаштагы аял колго түшүрүлүп, бычагы табылган. Шектүү бир нече ирет соттолгону маалым болду.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0