Кызуу болчу. Иса Өмүркуловдун уулу себепкер болгон жол кырсыгынын чоо-жайы

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүКиши алкоголь ичимдикти кармап турат. Архив
Киши алкоголь ичимдикти кармап турат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.05.2021
Жазылуу
Депутаттын уулу жол кырсыгы катталган учурда Porche Panamera үлгүсүндөгү автоунааны башкарып жүргөн. Ал наркологиядан текшерүүдөн өтүп, жыйынтыгында мас абалында экени аныкталган.
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркуловдун уулу Азамат Өмүркулов себепкер болгон жол кырсыгынын чоо-жайын айтты.
Милициянын маалыматы боюнча, 15-май күнү кечки саат 22:30дар чамасында Porche Panamera үлгүсүндөгү автоунаанын 39 жаштагы айдоочусу Түштүк магистралдан Токтоналиев көчөсүнө бурулам деп жатып 28 жаштагы велосипедчен кызды сүзүп алган.
Жабыркаган кыз Тез жардам кызматы менен Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жеткирилип, ага мээси чайкалган деген диагноз коюлган.
Аталган оорукананын маалымат кызматы 15-май күнү кечки саат 22:30дар чамасында 28 жаштагы кыз жол кырсыгынан жабыркап келгенин тастыктап, бирок ооруканага жатуудан баш тартып кеткенин кабарлады.
Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2021
Депутат Жолдошбаевдин машинадагы одоно жоругу. Милиция окуянын чоо-жайы тууралуу
ЖКККББ А.Ө. аттуу айдоочунун наркологиялык текшерүүдөн өтүп, жыйынтыгында мас абалында экени аныкталганын билдирди.
Аталган иш Жоруктар кодексине ылайык каттоого алынып, экспертиза дайындалган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүүдө. Автоунаа айып короого токтотулган.
Кечээ Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы депутат Иса Өмүркулов менен байланышып, уулу катышкан жол кырсыгы тууралуу маалымат алган. Анда эл өкүлү кырсык катуу болбогонун, баласы баңгизат колдонбой турганын айткан.
Эске салсак, депутаттын уулу буга чейин да жол кырсыгына себепчи болгон. Анда 2011-жылдын август айында Бишкектин чыга беришиндеги айланма жолдо (Дунларов көпүрөсү) кырсык болуп, үч киши көз жумган. Трагедияга ошол учурда шаар мэри болуп турган Иса Өмүркуловдун баласы Азамат Өмүркулов күнөөлүү деп табылган. ЖМКлардын жазганы боюнча, ал катуу ылдамдык менен баратып каршы тилкеге чыгып кеткен. Ошол эле жылы ноябрь айында жабырлануучу тарап арызынан баш тартканы үчүн иш токтогон. Бирок Азамат Өмүркулов жазасын алышы керектигин айтып, өзү арыз жазган. Сот отуруму бир нече жолу жылдырылган болчу. Ошентип сот Азамат Өмүркуловду шарттуу түрдө жети жылга эркинен ажыраткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0