Бишкекте көп кабаттуу имараттан өрт чыкты. Видео

© Sputnik / Сталбек Абдижалил уулуКөп кабаттуу имарат өртөнүп жатат
Көп кабаттуу имарат өртөнүп жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.05.2021
Жазылуу
Жеринде эки өрт өчүрүүчү унаа иштеп жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эмне болгон имарат экени тууралуу кийинчерээк маалымат берилерин маалымдады.
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Бишкекте алдын ала маалымат боюнча, көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, куткаруучуларга Турусбеков менен Жумабек көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан имараттан өрт чыкканы тууралуу маалымат түшкөн. Буга байланыштуу саат 21:06да бир машина, 21:15те экинчи өрт өчүрүүчү унаа жиберилген. Ал эми күбөлөрдүн айтымында, беш кабаттуу мейманкана күйүп жатат.
Кошумча маалымат берилет.
Жаңылыктар түрмөгү
0