Бишкекте энеси менен кызын өлтүрүүгө шектелип өспүрүм кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековКишенчен киши. Архив
Кишенчен киши. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.05.2021
Жазылуу
Милициянын маалыматы боюнча, кармалган шектүү буга чейин соттолгон. Ал Ысык-Көл облусунда окуп, 2018-жылдан бери Токмок шаарында жашап келген.
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Милиция Бишкектин борборунда эки аялды өлтүрүүгө шектүү катары 16 жаштагы Ж.М. аттуу жаранды колго түшүрдү. Бул тууралуу Свердлов райондук милициянын маалымат кызматы билдирди.
Бишкектеги Жибек жолу жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишиндеги турак үйлөрдүн биринде киши колдуу болгон эки аялдын сөөгү табылганы тууралуу кабар укук коргоо органдарына 12-майда саат 11:25те келген. Окуя болгон жерге барган милиция каза болгондор 63 жаштагы А.А. жана анын 31 жаштагы А.А. аттуу кызы экенин аныкташкан. Маркумдардын денесинде зомбулуктун издери байкалган. Шаардык милиция Кылмыш кодексинин 130-беренеси ("Эки же андан көп адамды өлтүрүү") боюнча кылмыш ишин козгогон. 13-майда тергөөчүлөр кылмышкердин изине түшкөн.
Маалыматка ылайык, шектүү буга чейин соттолгон, Ысык-Көл облусунун тургуну.
"Шектүү жаран мыйзамдуу өкүлдөрү, жактоочусунун катышуусунда өткөрүлгөн суракта жасаган ишин мойнуна алган. Мындан сырткары, атайын тергөө амалдарынын жүрүшүндө кылмыш жасоодо колдонулган далил буюмдарды берген. Ал сотко чейинки өндүрүшкө камтылды", — деп айтылат ШИИБдин билдирүүсүндө.
Мындан сырткары, шектүү Ысык-Көл облусунда орто мектепте 7-класска чейин окуп, 2018-жылы Чүйдүн Токмок шаарына көчүп келип жашаганы аныкталган.
Алдын ала маалыматка ылайык, 31 жаштагы аял өлөр алдында зордукталган.
Жаңылыктар түрмөгү
0