Өзгөндө кой кайтарып жүргөн 8 жашар баланы сел агызып кетип көз жумду

© Sputnik / Виталий АньковСел. Архив
Сел. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.05.2021
Жазылуу
Кырсыкка кабылган баланы туугандары таап, ооруканага алып бара жаткан учурда көз жумган. Окуя кечээ түштөн кийин болгон.
БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Оштун Өзгөн районунда кой кайтарып жүргөн 8 жаштагы баланы сел агызып кетти. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, кечээ, 11-май күнү, саат 13:20лар чамасында Ак-Жар айыл аймагынын Большевик айылында жаандын кесепетинен тоодо сел жүргөн. Бала ошол учурда мал кайтарып жүргөн.
Тестиерди туугандары таап, ооруканага алып бара жаткан учурда каза болуп калганы айтылат.
Жаңылыктар түрмөгү
0