"Дөө Чыңгыздын" адамы ишкерден 20 миң доллар алып жатып кармалды. Видео

© Sputnik / Михаил ВоскресенскийКишенделген адам. Архив
Кишенделген адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.05.2021
Жазылуу
Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда анын шериктерин кармоо иштери жүргүзүлүп жатат.
БИШКЕК, 12-май — Sputnik. "Дөө" каймана аты менен белгилүү Чыңгыз Жумагуловдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү И.Р.М. жеке ишкерди коркутуп 20 миң доллар алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
Кармоо учурундагы видеодон "Кылган ишим үчүн Кудай алдында жооп берем" дегенин угууга болот.
Атайын кызмат 10-майда уюшкан кылмыштуу топтордун иш-аракеттерине каршы иш-чараларды жүргүзгөн.
Кармалган киши УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда анын шериктерин кармоо боюнча ыкчам издөө иш-чаралары жүрүп жатканы кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0