Өзгөндө таксистти өлтүрүп, сөөгүн өрттөп салган өспүрүмдөргө өкүм чыкты

© AP Photo / Jessica HillСудья балкасы менен. Архив
Судья балкасы менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.05.2021
Жазылуу
Үрөй учурган кылмыш өткөн жылдын жайында катталган. Таксист болуп иштеген 29 жаштагы жаранды эки өспүрүм өлтүрүп туруп бензин чачып өрттөп, суунун жээгине таштап кетишкени айтылган.
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Өзгөндө таксистти мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелген эки өспүрүмгө карата соттун өкүмү чыкты. Бул тууралуу Ош облустук сотунун маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, айыпталуучулар 12 жылга эркинен ажыратылган. Андан сырткары, сот алардын бирин 70 миң сом, экинчисин 15 миң сом айып пул төлөөгө милдеттендирген.
Кишенделген адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.09.2020
Аэропорт жолунда эки велосипедченди коюп кеткен айдоочу 8 жылга кесилди
Кылмышты угуп, бирок милицияга кабар бербегендиги үчүн камалган шектүүлөрдүн эки досу дагы кылмышты жашыруу беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 3 жылдык мөөнөткө эскертүү менен ата-энелеринин карамагына өткөрүп берилген.
Белгилей кетсек, өткөн жылдын июль айынын аягында Өзгөн районунун 29 жаштагы тургунунун өрттөлгөн сөөгү дарыянын жээгинен табылган. Бул кылмышка шектелип Өзгөн шаарынын 16 жана 17 жаштагы тургундары кармалып, тергөөдө күнөөнү мойнуна алышканы кабарланган.
Жаңылыктар түрмөгү
0