Үйүмдү оңдоп, эмерек алып бер. Бишкек прокуратурасынын бөлүм башчысы кармалды

© AFP / Marcel Kusch / POOLКармалган кишенчен киши. Архив
Кармалган кишенчен киши. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.05.2021
Жазылуу
Шектүү ушул жылдын 7-майында козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилген.
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Ири өлчөмдө пара алды деп шектелип Бишкек шаардык прокуратурасынын тергөө ишин көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
"Ал 2020-жылдын декабрында жер казынасын пайдалануу укугуна берилген лицензиянын жокко чыгарылышына жол бербөөгө убада берип, 20 миң доллар өлчөмүндө пара алган. Мындан тышкары, аталган кызматкер өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып, арыз ээсинен батирин оңдоп берүүнү, 450 миң сомдон ашуун суммага эмерек жана тиричилик техника дагы талап кылган", — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.
Ушул жылдын 7-майында козголгон кылмыш ишинин алкагында кылмышка шектүү кармалып, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилген. Тергөө жүрүп жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0