Баткендеги чек ара чырынан 4 жашар бөбөк чарчап калды

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүКапельницада илинип турган оюнчук. Архив
Капельницада илинип турган оюнчук. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.05.2021
Жазылуу
Төрт жаштагы Абидин ок атышуу башталганда апасы, бөбөктөрү менен кошо тоону көздөй качып, Фергана каналына жеткенде сууга агып кеткен.
БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги чек ара чырында төрт жашар бала чарчап калганын тастыктады.
Буга чейин Facebook социалдык тармагына Баткендеги чек ара чырында Абидин Турсунбаевдин сууга агып кеткени тууралуу маалымат тараган. Анда 29-апрелде ок атышуу башталганда Арка айылынын тургундары тоону көздөй качканы жазылган. Алардын арасында Абидин, апасы жана бөбөктөрү да болгон.
"Эмне болгонун түшүнбөгөн эл Фергана каналынан өтмөкчү болот. Эми жетишкенде кезектеги снаряд жарылып, Абидин сууга түшүп агып кеткен. Денесин чоочун кишилер көрүп, кармап калышкан. Дагы 200 метрдей агып барса тажиктер тарапка өтүп кетип табылбай калмак экен", — деп жазылат соцтармактагы билдирүүдө.
Бала 1-июлда беш жашка чыкмак. Ушуну менен чек ара чырынан көз жумгандардын саны 36га жетти.

Баткендеги кандуу кагылыш

Россияда жүрүп 10 жылда курган үйүм күлгө айланды. Максаттык Атакулованын ыйы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.05.2021
Россияда жүрүп 10 жылда курган үйүм күлгө айланды. Максаттык Атакулованын ыйы

Адам өлүмүнө алып келген Баткендеги кандуу кагылышуу 28-апрель күнү кечинде башталып, ок атылып, калаба 2-3 күнгө созулуп кетти. Он миңдеген адам эвакуацияланып, жанын арачалап турак жайын таштап кетүүгө аргасыз болду. Баткен менен Лейлек райондорунун чек арага жакын жайгашкан айылдары өрттөнүп, үйлөр, социалдык объектилер бүлгүнгө учурады.

1-майдан тарта эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин абал турукташа баштап, чек ара тилкесине тартылган аскер техникасы, күч түзүмдөрү чыгарылды. Ушу тапта аймакта кырдаал тынч, тургундар айылга кайтып, КР бийлиги келтирилген зыяндын көлөмүн эсептеп жатат. Үй-жайсыз калгандарды там-таш менен камсыздоо милдети өкмөттүн мойнунда.
Ал эми Тажикстандын бийлиги тараткан маалымат боюнча кагылышуудан 16 киши набыт болгон.
Азыркы маалда Баткенде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан билүүгө болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0