Бирөөнүн абалы өтө оор. Чек ара чырынан жабыркагандардын абалы айтылды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров навестил пострадавших из Баткенской области
Президент Садыр Жапаров навестил пострадавших из Баткенской области - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.05.2021
Жазылуу
Бишкекке которулуп келген бейтаптардын айрымдарына шашылыш операция жасалды. Дары-дармек жана кан компоненттери жетиштүү экени белгиленди.
БИШКЕК, 2-май. — Sputnik. Баткендеги чек ара жаңжалынан жаракат алган сегиз киши кечээ түнү Бишкекке которулду. Бул тууралуу брифингде саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.
Анын айтымында, учурда борбордо жалпы 56 бейтап дарылануусун улантууда. Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда - 35, Улуттук госпиталда - 12, ал эми Улуттук хирургия борборунда 9 жабырлануучу бар.
"Бишкекке которулган бейтаптардын ичинен бирөөнүн абалы өтө оор. Алты бейтаптын абалы оор, калгандарыныкы орточо оор жана канааттандырарлык деп бааланууда. Айрымдарга шашылыш операция жасалды, кийинки аптада дагы уланат", — деди Солтонбекова.
Мындан тышкары, Баткен облустук бириккен ооруканасында - 7, Кадамжай аймактык ооруканасында - 16, Самаркандектеги ооруканада эки жана Лейлектеги ооруканада жети бейтап дарыланууда. Жаңжалдан жабыркагандардын бири Баткен облустук ооруканасынын фельдшери Ашыралы Бурканалы уулунун мээси чайкалган.
Правительственные делегации Таджикистана и Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.05.2021
Ташиев баштаган делегация Тажикстан менен протоколго кол койду. Видео
Калган жабырлануучулар тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөн соң ооруканадан чыгарылып, амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.
Бишкекте жана Баткенде жабырлануучуларды кабыл алып жаткан бардык саламаттык сактоо уюмдарында дары-дармек, медициналык каражаттар, кан жана анын компоненттери жетиштүү экени белгиленди.
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда Кыргызстандан 34 киши көз жумуп, 178 киши жабыркаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0