Кыргыз-тажик чек арасындагы басылбаган чырлар. Абал кантип жөнгө салынып келген

© AFP / VIKTOR DRACHEVКыргызско-узбекская граница
Кыргызско-узбекская граница - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.05.2021
Жазылуу
Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын расмий маалыматтарына таянуу менен Sputnik Кыргызстан 2015-жылдан тарта кыргыз-тажик чек арасында кандай жаңжалдар чыкканын эстеп көрдү.
Кыргызстандыктар куралдуу жаңжал тутанган Тажикстан менен чектешкен Баткендеги абалга кооптонуу менен көз салып турду. Абал 28-апрелде "Головной" суу бөлүштүрүү жайындагы окуядан соң курчуй баштаган. Бул алгачкы тиреш эмес, чек ара маселеси узак жылдардан бери айыкпаган жарадай улам ырбап келет.
Макалада адамдар жабыркаган ири чек ара окуяларынын айрымдары гана камтылганын белгилей кетели. Материалга чек арадагы эскертүүчү ок атуулар жана ушул өңдүү учурлар кошулган жок.

Тосулган жол

2015-жылдын августунан тарта Тажикстандын жарандары Көк-Таш айылынын тургундарына көрүстөнгө кеткен өтмөктү тосуп алышкан. Ага кыргызстандыктар Тажикстандын аймагына акчу каналдагы сууну бууп коюу менен жооп кайтарышкан. Жашоочулар ортосунда жаңжал чыгып, таш ыргытышкан. Түшүндүрүү иштеринен кийин тараптар таркап, бирок эртеси күнү кайра чогулушкан. Тажикстандын аймагынан ок атылып, анткен менен кыргыз тараптан эч ким жабыр тарткан эмес. Чек арадагы чыңалган жагдайдан улам ошол кездеги премьер-министр Темир Сариев эмгек өргүүсүн токтоткон. 
Ошондо эки күн ичинде ооруканага ар кандай жаракат менен жети кыргызстандык кайрылган. Алар эки жактын бири-бирине ыргытылган ташынан жаракат алышкан. Окуяда турак үйлөр, машина жана башка мүлктөр да жабыркаган.
Эки республиканын өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрүнөн соң көрүстөнгө кеткен жолду да, тажик кыштагына суу барчу каналды да бир убакта ачуу боюнча чечим кабыл алынган. Эки мамлекеттин өкмөттөрүнүн деңгээлинде жумушчу топтор чектешкен айылдардын калкына түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.

Жаштардын чыры

2017-жылдын 22-январында чек арага жакын Көк-Таш кыштагында Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда чыр чыгат. Кайым айтышуу бири-бирине таш ыргытуу менен аяктаган. 
Жаңжалды Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Разия Өсөрова чечүүгө тырышкан. Бирок ошондо өзү маалымдагандай, аракетинен майнап чыккан эмес. Ал тургай өзү да жабыркаган. Жаңжалда бир үй жана эки тараптын жарандарынын төрт машинасы талкаланган.
Ал жакка милициянын 100 чакты кызматкери жөнөтүлгөн, ошондой эле жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана чек арачылар кырдаалды көзөмөлдөшкөн.
Окуядан кийин эки өлкөнүн чек ара боюнча ыйгарым өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүп, тараптар биргелешкен чек ара отряддарын уюштуруп, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү макулдашкан.

Айланма жол

2019-жылдын 13-мартында Кожогар аймагында Кыргызстандын Баткен районундагы Ак-Сай айылынын жана Тажикстандын Мехнатабад кыштагынын тургундарынын арасында тиреш чыгып, адамдар бири-бирине таш ыргытышат. Жаңжалга Ак-Сай — Тамдык айланма жолунун салынышы себеп болгон. 14-мартта чек арага жакын айылдардын тургундары кайрадан таш менен чабуул коюшат. Төрт кыргызстандык, анын ичинде милиция кызматкери да жабыркаган. Ошол туштагы вице-премьер Жеңиш Разаковдун айтымында, Тажикстан Республикасынын бийлиги алар тарапта каза болгондор бар экенин билдирген.
Баткендеги ак-сайлык Арданова: биз качтык, үйдө калган жолдошума санааркап жатам - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2021
Баткендеги ак-сайлык Арданова: биз качтык, үйдө калган жолдошума санааркап жатам
Кырдаалды жөнгө салуу маселеси эки өлкөнүн президенттери жана премьер-министрлеринин деңгээлинде көтөрүлүп, 15-мартта абал тынчыган.
Үч күндөн кийин өкмөт өз ара таламдарды эске алуу менен жол салууну улантуу жөнүндө макулдашууга жетишкен. Өкмөттүк деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдө ар бир окуя боюнча биргелешип иш алып баруу үчүн Баткен жана Согди облус башчыларынын жетекчилигиндеги туруктуу комиссияларды жана прокуратура, ИИМ кызматкерлеринен турган ыкчам-тергөө топторун түзүү чечими кабыл алынган.
Исфара — Ворух жолу кыргыз аймагын үч жерден (Көк-Терек, Таш-Тумшук жана Ак-Сай) кесип өтөт, тажик аймагы менен бир тилкеде кесилишкен Баткен — Исфана жолунда да ушундай эле жагдай. Чек ара мекемелерине эки өлкөнүн жарандары ушул жолдор аркылуу эч тоскоолсуз өтүшү үчүн иш жүргүзүү табышталган.

Желек орнотууга каршы чырда ок атылып...

2019-жылы 22-июль күнү кечинде чек арада куралдуу жаңжал чыккан. КР Чек ара кызматынын маалыматына таянсак, Ворух кыштагынын (ТР) жашоочулары калктуу пунктуга кире беришке желек орнотмокчу болуп, ал эми кыргызстандык Ак-Сай айылынын тургундары ага каршы чыгышкан. 
© Фото / Зульфия ТургуноваАк-Сай айылындагы жол
Ситуация на кыргызско-таджикской границе в Баткенской области - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Ак-Сай айылындагы жол
Кайым айтышуу ырбап отуруп, тараптардын бири ок ачат. Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, ок мергенчилик куралдан атылгандыктан бул жай жарандар болушу мүмкүн эле. Ооруканага 14 кыргызстандык түшкөн.
Тажикстандын УКМКсынын Чек ара кызматы эки республиканын президенттеринин жолугушуусун утурлай чагымчылдык кылды деп кыргыз тарапты айыптаган. КР Мамлекеттик чек ара кызматы ТР өкүлдөрүн эмоцияга алдырбай, окуяны биргеликте териштирүүгө чакырган эле.
Эки өлкөнүн вице-премьерлери ишти чогуу иликтөө боюнча макулдашышкан. Эки республиканын чек арачылары чек араны биргелешип күзөтө турганы боюнча чечими кабыл алынган. Кай бир убакка чейин абал турукташып, бирок көп өтпөй кайрадан курчуй түшкөн. Чек арада ок атылып, кыргызстандык чек арачы жараланган.
Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2021
Аскар Акаев: Тажикстандын бийлиги менен оппозициясын үч күн дегенде эпке келтиргенбиз
24-июлдун таңында Ак-Сай айылынын жашоочулары Исфара — Ворух трассасын шагыл төгүп бөгөөгө аракет кылышкан. Милиция кызматкерлери мыйзамды бузбоого чакырышкан, бирок айыл тургундары аларга таш ыргытып, натыйжада төрт тартип сакчысы жабыр тарткан. Ошондон кийин катуу үн чыгаруучу гранаталар пайдаланылган. Эртеси, 25-июлда, бийлик өкүлдөрүнүн жергиликтүү эл менен сүйлөшүүлөрүнөн соң кырдаал тынчыган.
Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери Сооронбай Жээнбеков жана Эмомали Рахмон чек арага жакын жайгашкан айылдардын жашоочулары менен кезигип, чек арадагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн баарын жасоого убада беришкен. Андан ары мамлекет башчылары Исфарага бет алышкан, кийин сүйлөшүүлөр Чолпон-Атада уланган. Тараптар эки өлкөнүн бир тууган шаарлар байланышын түзүүнү макулдашкан.

Кайрадан курулуш

2019-жылы 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында ок атылат. КР Мамлекеттик чек ара кызматы Тажикстандын жарандары мамлекеттик чек аранын тактала элек тилкесинде курулуш иштерине киришкенин маалымдайт. Буга жооп катары Кыргызстандын жараны да ошол жердеги өз үйүнүн айланасына тосмо куруп баштаган. Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы боюнча, коңшу өлкөнүн чек арачылары кыргызстандык тургундан тосмонун курулушун токтотууну агрессивдүү түрдө талап кылып, кайым айтышуу ок атуу менен аяктаган.
КР тышкы иштер министри тажикстандык кесиптешине кыргызстандык аскерлерге, жарандарга жана чек ара постторуна ок атууга жол берилбестиги тууралуу билдирген. 
© Sputnik / Эмиль СадыровЛейлектеги Максат айылы
Село Максат Лейлекского района Баткенской области - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Лейлектеги Максат айылы
Тажикстандын УКМКсынын Чек ара кызматындагылар кыргызстандыктар чек ара аймагында белгисиз курулуш иштерин баштап, ал эми тажикстандыктар аны токтотууну талап кылышканын айтышкан.
Ок атышууда 13 кыргызстандык жаракат алып, бир аскер кызматкери шейит болгон. Ал курман болгондон кийин "Эрдик" медалы менен сыйланган.
ТР чек ара күчтөрү бир нече жабырлануучу бар экенин билдиришкен, ал эми басма сөзү үч тажикстандык чек арачынын набыт болгонун жазып чыккан.
Үч күндөн бери бөгөп турушкан. Төрт-Көчө тилкесинин ачылган видеосу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.05.2021
Үч күндөн бери бөгөп турушкан. Төрт-Көчө тилкесинин ачылган видеосу
17-сентябрда КР Тышкы иштер министрлигине Тажикстандын элчиси чакырылган. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусуна учуп барып, жергиликтүү тургундарга кезиккен. Ошол күнү кечке жуук эки республиканын премьер-министрлери чек арада жолугуп, абалды талкуулашкан.
18-сентябрда КР Мамлекеттик чек ара кызматы тажик тарап такталбаган тилкеде объект тургузууну токтотконун, бардык өткөрмө пунктулары ишин жандандырганын маалымдаган.
Жогорку Кеңеште Чек ара кызматын Баткен облусуна көчүрүү сунушталган. Өкмөттүк деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө өлкөлөр бир катар макулдашууларга кол койгон. Чектешкен аймактардан эки өлкөнүн тең аскердик техника жана аскер кызматкерлерин толугу менен алып кетүү чечими кабыл алынган. Ошондой эле тараптар чек арадагы такталбаган тилкелерде курулуш иштерин токтотууну макулдашышкан. Эвакуацияланган Максат кыштагынын тургундары өз үйлөрүнө кайтышкан.

Автоунааларга таш ыргытып...

2020-жылдын 10-январында Жака-Өрүк аймагында белгисиз адамдар КР жарандары бараткан машинаны таш менен койгулашат. Ошондон бир саат өтпөй Көчө-Карын аймагындагы кыргызстандыктын автомобилине таш ыргытышат. Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы боюнча, кийинчерээк Дахма аймагындагы КР жаранынын турак жайын ташка алып киришет. Ал жерге милиция кызматкерлери, чек арачылар барат, бирок аларга Тажикстан тараптан, болжолдуу маалыматтар боюнча, мергенчилик мылтыктан ок атылат. Ок атышуу таң агарганда гана токтойт. Чек ара кызматынын өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү башталат. КР ТИМ башчысы тажикстандык кесиптеши менен сүйлөшүп, Тажикстан элчилигинин өкүлүнө нота тапшырылат.
11-январга караган түнү кыргызстандык чек арачылар ТР аймагынан ок атылганын угушкан, мындан тышкары, КР жаранынын жүк ташуучу унаасына да таш ыргытышат. 
© Фото / пресс-служба ГПС КРЖака-Өрүк аймагында чыр чыккан учур
Ситуация на границе Кыргызстана и Таджикистана в местности Жака-Орук - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Жака-Өрүк аймагында чыр чыккан учур
Жээнбеков Рахмон менен телефон аркылуу чек арадагы окуя жөнүндө сүйлөшөт. 12-январда кыргызстандыктардын автоунаалары кайрадан таш бараңга алынган. Ушундан улам чек ара аймагына Кыргызстандын башка жарандары да келген. Кыргыз жана тажик тарап бири-бирин ташка алышкан. Нааразы болгон кыргызстандыктар Ош — Исфана — Баткен кан жолун убактылуу буушкан. Тажикстан УКМКсынын Чек ара кызматы бул окуяларга КР жарандарын айыптаган.
15-январда Бишкекте чек арадагы жаңжалдарга каршы митинг өткөн. Окуялар улам кайталана бергендиктен Эмомали Рахмон Кыргызстандагы элчини алмаштырган. Тараптар өкмөттүк делегациялар деңгээлинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн.

Чек тилкесиндеги чыр

2020-жылдын 8-майында Баткен облусунун Чек аймагында Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен райондорунун тургундарынын ортосунда жаңжал чыккан. Чырга Чек тилкесиндеги 50 сотых жерди пайдалануу маселеси себеп болгон.
Аталган тилке такталган эмес, бирок иш жүзүндө кыргыз тарап пайдаланып келген. КР Мамлекеттик чек ара кызматынын билдирүүлөрүнө таянсак, Кыргызстандын 30-40 жараны жана ушундай эле сандагы Тажикстан жараны таш менен койгулашып киришет.
Баткен облусундагы чек ара чырынан курман болгон үч аскердин сөөгү кичи мекендеринде жерге берилди - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2021
Баткендеги чек ара чырынан курман болгон үч аскердин сөөгү жерге берилди
Окуяда мергенчилик мылтыктан ок атылган. Жаңжалды ырбатпоо үчүн Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара отряддары бир нече жолу эскертүү үчүн абага ок атат. Кырдаал бир азга тынчый түшөт. Эки республиканын чек ара аймактарындагы калкка түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Бирок Тажикстандын УКМКсынын Чек ара күчтөрүнүн чек арачылары гранатометтон кыргызстандык чек арачылар жана КР жарандарын көздөй күтүүсүз ок чыгара баштаганын билдирген КР Мамлекеттик чек ара кызматындагылар.
Атышуудан үч кыргызстандык жоокер жана бир жай жаран ар кандай оордуктагы жаракат алышкан. Оор жараланган чек арачыны Москвага дарыланууга жеткиришкен.
9-майда тараптар ок атууну токтотуу, окуя болгон жерге тартылган кошумча күчтөрдү чыгарууну макулдашышкан. Ошондон соң расмий деңгээлде сүйлөшүүлөргө киришкен.
КР ТИМи аткылоого байланыштуу Тажикстан элчисине нота тапшырган. Ошол кездеги вице-премьер Акрам Мадумаров аймактагы кырдаалды турукташтыруу боюнча Баткен облусунун укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана жергиликтүү бийлик менен ыкчам жыйын өткөргөн.

Май айындагы дагы бир жаңжал

Былтыр 24-майда Баткен облусундагы Баткен районунун Мойнок аймагында Кыргызстандын чек ара наряды Тажикстандын Ворух анклавынын тургундарынын КР аймагына мал жаюусун токтотушкан. Бул туурасында КР Чек ара кызматы маалымдаган. Анын билдирүүсүндө, тажик тараптан белгисиз адамдар кыргызстандык чек арачыларга ок ата башташкан. Ал ырбап отуруп Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара наряддарынын ортосунда атышуу башталган. Коңшу өлкөнүн версиясы боюнча, кыргызстандык чабандар Согди облусундагы кыштакка өтүп кетишкен. 
© Sputnik / Илья БуяновскийВорух анклавы
Ситуация на кыргызско-таджикской границе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Ворух анклавы
Кыргыз тараптан эч ким жабыркаган эмес, тажик тарап бир чек арачы жарадар болгонун кабарлаган. Эки мамлекеттин Чек ара кызматтарынын өкүлдөрү окуя болгон жерге келип, жолугушуу өткөрүп, иликтөөгө киришкен.
Жаңылыктар түрмөгү
0