Министрлик: чек ара жаңжалынан курман болгондордун саны 34кө жетти

© Sputnik / Табылды КадырбековОорукана. Архив
Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2021
Жазылуу
Көз жумган 24 жаштагы Азазбек Бактияров Ош облусунун Кара-Суу районунда туулган. Жабыркаган 173 кишинин 31и аскер адамдары болсо, бирөө медицина кызматкери, 131и жай тургун.
БИШКЕК, 1-май. — Sputnik. Саат 18:30га карата кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан каза тапкандардын саны 34кө, жабыркагандар 173кө жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, жабыркаган жети адам медициналык жардам алып, экөө амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү. Ал эми калган бешөө ар кандай жараат менен ооруканаларга жаткырылган.
"Ош облусунун Кара-Суу районунун 24 жаштагы тургуну Азазбек Бактияров көз жумду. Жабыркаган 173 кишинин 31и аскер адамдары болсо, бирөө медицина кызматкери, 131и жай тургун", — деп жазылат маалыматта.
Жабыркаган 10 адамдын аты-жөнү такталып жатканы кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0