Чек ара чырынан көз жумгандардын саны 33кө жетти

© Sputnik / Александр Полегенько / Медиабанкка өтүүОоруканадагы бейтап. Архив
Ооруканадагы бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2021
Жазылуу
Азыркы тапта абалы оор делген 49 киши Баткенден Бишкектин ооруканаларына жиберилген. Анын ичинен үчөөнүн абалы өтө оор.
БИШКЕК, 1-май. — Sputnik. Баткендеги кыргыз-тажик чек ара жаңжалынан каза болгондордун саны 33кө жетти. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев кабарлады.
Анын айтымында, көз жумган эки адам менен эки жарадар жаңы эле келип түшкөн.
Ал эми министрдин орун басары Ализа Солтонбекова чек ара чырынан жабыркагандардын саны 163кө жеткенин брифингде билдирди. Анын айтымында, азыркы тапта абалы оор делген 49 киши Баткенден Бишкектин ооруканаларына жиберилди. Анын ичинен үчөөнүн абалы өтө оор.
Жаңылыктар түрмөгү
0