Чек ара кызматы: Тажикстандан чек араны көздөй аскердик техника келе жатат

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүАскердик техника. Архив
Аскердик техника. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2021
Жазылуу
Тажикстандын аймагында кыргыз-тажик чек арасын көздөй аскердик техника келе жатканы тууралуу маалым болду.
БИШКЕК, 1-май. — Sputnik. Баткендин Тажикстан менен чектешкен аймагынан өткөн Ош — Баткен — Исфана автожолунун Төрт-Көчө жолун тажик тарап толугу менен жапты. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.
Саат 11:30га карата маалымат боюнча, кыргыз-тажик чек арасында абал чыңалып турат.
"Тажикстандын аймагында кыргыз-тажик чек арасын көздөй аскердик техника келе жатканы катталды", — деп жазылат маалыматта.

Баткендеги чек ара чыры

Баткен облусунун Ак-Сай айылындагы Кыргызстандын желеги - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2021
Бейкүнөө соолуган өмүрлөр. Чек ара чырында көз жумгандардын элесине арналган видео

Баткенде 28-апрель күнү кечинде чыккан чыр түнү менен күчөп отуруп, эртеси да уланган. Эки тарап бири-бирин көздөй ок атып, Кыргызстанда каза болгондордун саны 31ге жетти. Атышуудан 154 киши жабыркаган.

Буга чейин эки мамлекеттин президенттери телефон аркылуу сүйлөшүп,
учурдагы түзүлгөн кырдаалды тынчтык жолу менен гана чечип, үстүбүздөгү жылдын май айынын экинчи жарымында Душанбе шаарында жолугушуу өткөрүүнү макулдашышкан. 1-2-май Кыргызстанда аза күтүү күнү деп жарыяланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0