Ок аткандар жок, жолдорду ачуу сүйлөшүлдү. Баткендеги соңку кырдаал

© AFP / STRINGERӨКМ кызматкери эвакуацияланган жарандар үчүн матрацтар менен
ӨКМ кызматкери эвакуацияланган жарандар үчүн матрацтар менен - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2021
Жазылуу
Баткен менен Согдинин башчысы ок атууларды токтотуу жана аскердик күчтөрдү алып чыгып кетүүнү сүйлөшүп жатышат.
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Баткендин башчысы Өмүрбек Суваналиев Согди облусунун жетекчиси Раджоббой Ахмадзода менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге ылайык, эки тарап тең бири-бирине пикирлерин ачык айтып, кырдаалды турукташтыруу боюнча реалдуу кадамдарды жасап жатышат.
"Облус башчылары буга чейин макулдашкандай, биринчи кезекте ок атууларды толугу менен токтотууну жана кагылышуу болгон аймактардан өздөрүнүн аскердик күчтөрүн алып чыгып кетүүнүн аракетин көрүп жатат. Учурда аймакта ок атылган учурлар жок", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле эки тараптан тең тосулган унаа жолдорун ачып, каттамды калыбына келтирүүнү сүйлөшүшкөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0