Милиция: Лейлекте ок бирде атылып, бирде токтоп жатат

© Фото / пресс-служба полпредства правительства в Баткенской областиЛейлек районундагы чек ара кызматкери. Архив
Лейлек районундагы чек ара кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2021
Жазылуу
Облустук милициянын билдиришинче, ок атуулар Лейлектин Арка 1 жана Борбордук деген айылдарында уланууда.
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Баткендин Лейлек районунда маал-маалы менен ок атышуулар болуп жатат. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат катчысы Дамира Юсупова билдирди.
Анын айтымында, ок атуу Арка 2 жана Борбордук деген айылдарында уланууда.
"Улам атышып, бир аз токтоп калып, кайра улантып жатышат. Азыркы абал ушундай", — деди Юсупова.

Баткендеги чек ара чыры

УКМК төрагасы Камчыкбек Ташиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2021
Ташиев тажик УКМКсынын жетекчиси менен жолукту. Эмне тууралуу сөз болду

Баткенде 28-апрель күнү кечинде чыккан чыр түнү менен күчөп отуруп, эртеси да уланган. Эки тарап бири-бирин көздөй ок атып, алгач бир, анан экөө, акыркы маалымат боюнча 13 кыргызстандык каза болду. Алардын арасында 13 жашар кыз бар экени айтылган. Жабыркаган 121 адамдын 25и Баткенден Бишкекке атайын борт менен алып келинип, ооруканаларда дарыланып жатышат.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда бардык деңгээлде сүйлөшүүлөр жүрүп, тараптар бир пикирге келүүдө. Бирок буга карабастан ок атуу токтой электиги айтылып келет.
Бир нече айылдын тургундары үй-жайын таштап, аймактан чыгып кетүүгө аргасыз болгон.
Баткендеги чек арадагы кырдаал тууралуу акыркы маалыматтарды биздин Telegram каналыбыздан окуңуздар.
Чек арадагы абал тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги тексттик трансляция да жүргүзүп жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0