БУУ кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча үн катты

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүБУУнун башкы кеңсесиндеги желек. Архив
БУУнун башкы кеңсесиндеги желек. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2021
Жазылуу
БУУнун башкы катчысынын расмий өкүлүнүн орун басары Кыргызстан менен Тажикстанды чек ара чыры боюнча биргелешип сүйлөшүүгө үндөгөн.
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга тынчсыздануу менен байкоо жүргүзүп, ок атышуунун токтошун каалайт. Бул тууралуу БУУнун башкы катчысынын расмий өкүлүнүн орун басары Фархан Хак билдирди.
"Абалга тынчсыздануу менен байкоо жүргүзүп жатабыз. Кырдаал тууралуу кабардарбыз. Кыргызстан менен Тажикстан экөө тең ок атышууну токтотуу тууралуу сүйлөшкөнүн да билебиз. Эгер бул чын эле ошондой болсо, биз аны кош колдоп кубаттайбыз", — деди Хак.
Ал БУУ эки тарапты тең сүйлөшүүгө чакырып, чырды тынчтык жолу менен чечүүгө үндөп жатканын белгилеген.

Баткендеги чек ара чыры

Баткенде 28-апрель күнү кечинде чыккан чыр түнү менен күчөп отуруп, эртеси да уланган. Эки тарап бири-бирин көздөй ок атып, алгач бир, анан экөө, акыркы маалымат боюнча 13 кыргызстандык каза болду. Алардын арасында 13 жашар кыз бар экени айтылган. Жабыркаган 121 адамдын 25и Баткенден Бишкекке атайын борт менен алып келинип, ооруканаларда дарыланып жатышат.
Аскер автомат менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2021
Баткен милициясы: тажик жарандары кыргыз айылынын башчысын барымтага алышты
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда бардык деңгээлде сүйлөшүүлөр жүрүп, тараптар бир пикирге келүүдө. Бирок буга карабастан ок атуу токтой электиги айтылып келет. Бир нече айылдын тургундары үй-жайын таштап, аймактан чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Бүгүн эртең менен Ички иштер министрлиги чыр чыккан аймакта абал туруктуу экенин, кырдаал көзөмөлдөнүп жатканын билдирди.
Баткендеги чек арадагы кырдаал тууралуу акыркы маалыматтарды биздин Telegram каналыбыздан окуңуздар.
Чек арадагы абал тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги тексттик транслция да жүргүзүп жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0