Лейлекте ок атуу токтобой, үйлөр менен дүкөндөр өрттөлүүдө

© Sputnik / Нил Уотерс / Медиабанкка өтүүҮй өрттөнүү. Архив
Үй өрттөнүү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2021
Жазылуу
Тажикстан менен Кыргызстан саат 20.00гө карата ок атууну толугу менен токтотууну сүйлөшкөн. Анткен менен атышуулар уланууда.
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Баткендин Лейлек районунда кыргыз жана тажик аскер кызматкерлери ок атууну улантып жатат, ошондой эле үй-жайлар өрттөлүүдө. Кабарды облустук милициянын маалымат катчысы Дамира Юсупова тастыктады.
Учурда Лейлектин Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн Арка, Достук, Жаштык айылдарында атышуулар болуп жатат.
"Ал эми Кулунду айыл өкмөтүнө караштуу Максат айылында кыргыз жарандарынын үйлөрү өрттөлүүдө. Бул жактагы жергиликтүү жашоочулар Бешкент айыл өкмөтүндөгү Маргун, Дархун, Даргас айылдарына жайгаштырылды. Мындан тышкары, Арка айылындагы жолдун жээгинде жайгашкан май куюучу жай жана соода түйүндөрүнө өрт коюлганы кошумчаланды", — деп билдирди милиция.
Эске сала кетсек, эки өлкөнүн ТИМ башчыларынын сүйлөшүүсү менен кыргыз-тажик чек арасынын жаңжал чыккан аймагында саат 20.00гө карата ок атуу толугу менен токтотулуп, аскердик күчтөрдү алып кетүү чечими кабыл алынган эле. Түнкү он экилерге чукул Чек ара кызматы ок атышуу токтогонун билдирген болчу.
Жаңылыктар түрмөгү
0