Министрлик: чек арада жабыркагандардын саны 30га жетти

© REUTERS / YVES HERMANОоруканадагы медайым. Архив
Ооруканадагы медайым. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2021
Жазылуу
Жаңжалдын кесепетинен бир кыргызстандык каза тапты. Дагы 29 киши ооруканада жатса, бирөөсү амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Тажикстан менен чектешкен аймактагы жаңжалдан улам жабыркаган кыргызстандыктардын саны 30га жетти. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.
Анын айтымына караганда, саат 20:00гө карата маалымат боюнча ооруканага 31 адам түшкөн. Алардын бирөө көз жумса, дагы бири амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.
"Ок жеген 26 адам Баткен облустук ооруканасында жатат. Эки киши Самаркандек менен Лейлектеги ооруканага жаткырылган. Эки кишинин абалы орточо оор болсо, дагы эки адамдын абалы канааттандырарлык", — деди ал. 

Баткендеги жаңжал

28-апрелде күндүз Баткен районунда кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыккан. Чыр-чатак тажик тарап Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагынан шагыл жүктөп, мамыларга видеокөзөмөл орнотууга киришкенден кийин башталган.
Москвадагы Кызыл аянтында полиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2021
Кыргыз-тажик чек арасындагы абалды Москва иликтеп жатат
Ошондон кийин аталган аймакка эки тараптан 100-150дөй киши чогулуп, бири-бирин таш менен ургулаган. Кечке маал абал салыштырмалуу тынчыганы менен, бирок таңга жуук кайрадан курчуган.
Сөз болуп жаткан Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилген.
Чек арада ушу тапта абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан билсеңиз болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0