УКМК: "Суу бөлүштүрүүчү жай" мурда эле Кыргызстандын аймагында болчу

© Sputnik / Игорь АгеенкоГидротехникалык түзүлүш. Архив
Гидротехникалык түзүлүш. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2021
Жазылуу
Буга чейин Тажикстандын УКМКга караган Чек ара кызматы кыргызстандыктар "суу турган жайды бир тараптуу тартипте басып алышкан" деген билдирүү тараткан.
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Ак-Суу дарыясындагы "Суу бөлүштүрүүчү башкы жай" Кыргызстанга карайт. Бул туурасында Кыргызстандын УКМКсынын Чек ара кызматынын билдирүүсүндө айтылган.
Буга чейин Тажикстандын УКМКга караган Чек ара кызматынын басма сөз бөлүмү аталган жай толугу менен Тажикстанга карайт деп билдирген.
Кыргызстандын УКМКсынан бул маалымат чындыкка туура келбейт деп айтышты.
"Суу бөлүштүргөн жай толугу менен Тажикстанга карайт, аны Кыргызстандын жарандары бир тараптуу тартипте ээлеп алган" деген тажик тараптын тараткан маалыматы туура эмес", — деп айтылат билдирүүдө.
КРдин Чек ара кызматы суу бөлүштүргөн жайдын аймагындагы чыр тажик тараптын чагымчылдыгынан чыкты деп белгилешти.
Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Алмазбек Сокеев Sputnik Кыргызстанга "Суу бөлүштүрүүчү башкы жай" Кыргызстандын аймагында экендигин айтып берди.
Өкмөт үйүнүн алдында митингчилер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2021
Өкмөт үйүнүн алдында чек ара чырын чечүү талабы менен митинг өтүп жатат. Видео
"Суу бөлүштүрүүчү башкы жай" Баткен районунун суу ресурстары башкармалыгынын балансында турат. Бул жайды Тажикстан "биздики" деп келет, бирок ал Кыргызстандыкы. Бирок ал жерде балким муну каалабаган, тагыраагы, бул жайды бирге пайдаланалы дегендер бар окшойт. Аны кургандан тарта эле өзүбүз колдонуп келебиз. Тажик тарап ага бир тыйын да салган эмес. Алар пайдаланган да эмес, курулуш алардын балансына өткөн да эмес. Документтерде да бул жер дайыма биздин аймакта болуп келген", — деди Сокеев.
Адис Ак-Суу дарыясынын суусу эл аралык келишимдер боюнча бөлүштүрүлүп келгенин айтты.
"Дарыянын суусун Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстан лимит менен пайдаланып келет. Буга бардык тарап макул болчу. Лимит жаатында карама-каршылыктар жок", — деп белгиледи агенттиктин жетекчиси.
"Суу бөлүштүрүүчү башкы жай" пайдаланууга 1973-жылы берилген.

Баткендеги жаңжал

28-апрелде күндүз Баткен районунда кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыккан. Чыр-чатак тажик тарап Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагынан шагыл жүктөп, мамыларга видеокөзөмөл орнотууга киришкенден кийин башталган.
Ошондон кийин аталган аймакка эки тараптан 100-150дөй киши чогулуп, бири-бирин таш менен ургулаган. Кечке маал абал салыштырмалуу тынчыганы менен, бирок таңга жуук кайрадан курчуган.
Окуя учурунда төрт кыргызстандык жаракат алып, алардын ичинен бирөө ок жеп оор абалда жатат. Ошол эле учурда тажик тарап жети адамга таш тийип жабыркаганын айтууда.
Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2021
Суваналиев Согдинин башчысы менен сүйлөштү. Бийлик элди тароого чакырып жатат
Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди.
Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 970 чакырымды түзөт, бүгүнкү күндө анын 504 чакырымы гана такталган. Эки өлкө эгемендүүлүк алгандан бери талаштуу 70 аймактын тагдырын чече албай келет.
Ал эми кыргызстандын борбору Бишкек шаарында чек ара чырына байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаттары жыйынга чогулмай болду.
Чек арада ушу тапта абал кандай болуп жатканын Sputnik агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан билсеңиз болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0