Кара-Балтадагы атышуу: милиция актёрлордун оюну болгонун аныктады

Случаи стрельбы в КР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.04.2021
Жазылуу
Учурда тергөө иштери жүрүүдө, мындай оюндарды уюштуруу менен алектенген тараптар текшерилип жатканы белгиленет.
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Чүй облустук милициянын маалымат кызматы Кара-Балтада атышуу болду делген окуянын чоо-жайы тууралуу билдирүү таратты.
Бүгүн социалдык тармактарда кафелердин биринде бир жигит үлгүсү белгисиз курал менен атып жатканы көрүнгөн видео тараган. Мындан сырткары, камуфляж формасын кийгендер бир адамды кармап жатканы көрүнгөн.
Мода көргөзмөсүндө кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2021
Дубайда бизнесмен менен купальникчен сүрөткө түшкөн моделдер өлкөдөн чыгарылды
Аталган факты боюнча Жазык кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") менен сотко чейинки өндүрүш башталды.
Милиция ок атып жаткан жигит 20 жаштагы жергиликтүү тургун экенин аныктаган. Ал досу менен биргеликте актёрлорду жалдап кармоону уюштурган. Бул окуя 25-апрелде саат 18:00дөр чамасында болгон. Андан кийин атышкан жигиттин досу сүйгөн кызынын колун сураган.
Учурда тергөө иштери жүрүүдө, мындай оюндарды уюштуруу менен алектенген тараптар текшерилип жатканы белгиленет.
Жаңылыктар түрмөгү
0