Мурдагы билим берүү министри, илимпоз Аскар Какеев көз жумду

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүМероприятия в память о погибших в результате военных действий в августе 2008
Мероприятия в память  о погибших в результате военных действий в августе 2008 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.04.2021
Жазылуу
Аскар Какеев президенттик аппараттын жетекчиси, мамлекеттик катчы, өлкөнүн билим берүү министри кызматтарын аркалаган. 2000-жылдан КУУнун ректору, президенттин кеңешчиси болуп эмгектенген.
БИШКЕК, 26-апр. – Sputnik. Кыргызстандын мурдагы билим берүү министри Аскар Какеев 86 жаш курагында каза болду. Кабарды билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиев тастыктады.
Министр социалдык тармактагы баракчасына Какеевдин каза болгонуна байланыштуу үй-бүлөсүнө көңүл айтты.
"Кыргызстандын билим, илим тармагында эмгектенип, бир кезде билим берүү, илим жана маданият министри (1993-1998) болгон жана өлкөбүздөгү көптөгөн профессорлорду тарбиялаган Аскар Какеев агайыбыздын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнө, жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз, аза кайгысын тең бөлүшөбүз! Агайдын дүйнө салганын угуп кабыргабыз кайышып, кайгырып турабыз", — деп жазылган билдирүүдө.
Илимпоз 1935-жылы Чүй облусунун Чүй районунун Кегети айылында төрөлгөн. 1958-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин биология факультетин бүтүргөн. Философия илимдеринин доктору (1991), профессор (1992), Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын академиги (1993).
1958–60-жылы Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин архив фондунда микрофото көчүрмө лабораториясында улук илимий кызматкер болуп эмгек жолун баштаган. Бир катар илимий институттарда иштеген. 1992-жылдын декабрь айынан тарта президенттик аппараттын жетекчиси, мамлекеттик катчы, өлкөнүн билим берүү министри кызматтарын аркалаган. 2000-жылдан КУУнун ректору, президенттин кеңешчиси болуп эмгектенген.
Жаңылыктар түрмөгү
0