Чек арадан уурдалган кыргызстандыктар боюнча иш козголду

© Sputnik / Табылды КадырбековКиши "Дело №" папкасы менен. Архив
Киши Дело № папкасы менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2021
Жазылуу
Кыргыз-тажик чек арасынан эки кыргызстандык киши уурдалган. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында балдар "Оочу - Калача" посту аркылуу кайтарылган.
БИШКЕК, 24-апр. – Sputnik. Лейлек райондук РИИБи киши уурдоо фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Баткен облустук ИИБден билдиришти.
Ага ылайык, 19 жана 21 жаштагы балдардын алган жараатынын оордугун аныктоо боюнча тиешелүү эскпертизалар дайындалып, жакындарына өткөрүлүп берилди.
Тажикстандын чек арачылары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2021
Тажикстанга кармап кетишкен. Баткенде жоголгон балдар үйүнө кайтарылды
Эске салсак, бүгүн социалдык тармакка эки уландын түндөтөн бери жок болуп жатканы боюнча видео тараган. Анда Лейлек районуна караштуу Эски-Оочу айылынын жашоочусу кыргыз-тажик чек арасына жакын аймакта курулуп жаткан тигүү цехинде иштеген уулу менен анын досу жоголуп кеткенин айтып, ыйлап жатканы тартылган.
Кийин эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында балдар "Оочу - Калача" посту аркылуу кайтарылган. Бул жигиттер менен кошо мурда чек арадан мыйзамсыз өтүүгө шектелип кармалган алты кыргызстандык да бошотулган. Бирок азырынча алардын эмне себептен Тажикстанга алынып кеткени тактала элек.
Жаңылыктар түрмөгү
0