Ош: үч ай ичинде жол кырсыктарынан 23 адам каза болду

© Фото / Pixabay / Andy KreycheЖол кырсыктан кийин автоунаа. Иллюстративдик сүрөт
Жол кырсыктан кийин автоунаа. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2021
Жазылуу
Жол эрежесин бузган айдоочулар жалпысынан сегиз миллион сомдун тегерегинде айып пул төлөмөр болгон.
ОШ, 24-апр. – Sputnik. Ош облусунун аймагында акыркы үч айда 163 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 23 адам каза болду. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн өкүлү Алтынбек Теңгизбаев билдирди.
Анын айтымында, облуста акыркы үч ай аралыгында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери тарабынан жалпы 20 миң 683 жолу жол эрежесин бузган учур катталган.
Анын ичинен:
  • мас болуп кармалгандар — 376;
  • ылдамдыкты ашырып айдагандар — 936;
  • жол белгилеринин талаптарына баш ийбегендер — 6 536;
  • автоунаанын алдыңкы айнектерин караңгылатып алгандар — 38;
  • тийиштүү документтери жок айдап жүргөндөр — 331;
  • жол кырсыгына кабылгандар — 163;
  • каза болгондор — 23 адам, 283 адам түрдүү жаракат алган;
  • үч ай ичинде жалпы 7 миллион 785 миң сом айып пул салынып, төлөнгөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0