Күйөөсүнүн 5000 долларын коротуп, өзүнө кол салуу уюштурган аял кармалды

© REUTERS / Marcos BrindicciАкча санап жаткан аял. Архив
Акча санап жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2021
Жазылуу
Милиция буга чейин каракчылык фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон, бирок тергөө учурунда кылмыш болбогону аныкталган.
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Кыргызстандык аял жолдошу жиберген беш миң долларды коротуп салганы үчүн коркуп, өзүнө кол салуу уюштурган. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББден билдиришти.
Колун кармап турган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.04.2021
Канжалап талаада жатам... Милиция уурдалганын айтып тамашалаган кызды тапты
Факты боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө учурунда аял мындай сценарийди мурдагы жолдошу менен ишке ашырганы аныкталган. Тартип сакчылар 42 жаштагы Э.Г. менен 39 жаштагы С.О. деген шектүүлөрдү милициянын бөлүмүнө жеткиргенден кийин алар күнөөсүн мойнуна алышкан.
"Аял жолдошу чет өлкөдөн жиберген акчасын коротуп салгандыктан коркуп ушундай кадамга барганы белгилүү болду", — дешти милициядан.
Учурда тергөө амалдары уланып жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0