Алайда 6 киши менен бараткан унаа оодарылып, айдоочу мүрт кетти. Сүрөт

© Фото / Зульфия ТургуноваАлай районунда болгон жол кырсыгы
Алай районунда болгон жол кырсыгы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2021
Жазылуу
Кырсык 19-апрель күнү саат 17:00дөр чамасында Алай районунун Гүлчө айыл аймагындагы Чыйырчык ашуусунда болгон.
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Алай районунда Honda Stepwagon үлгүсүндөгү автоунаа кырсыкка учурап, 36 жаштагы айдоочу окуя болгон жерде каза болгон. Маалыматты Ош облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын өкүлү Алтынбек Теңизбаев тастыктады.
Анын айтымында, кырсык 19-апрель күнү саат 17:00дөр чамасында Ош — Сары-Таш — Эркеч-Там жолунун 62-чакырымында, тактап айтканда, Алай районунун Гүлчө айыл аймагындагы Чыйырчык ашуусунда болгон.
Айтматов проспектинде болгон жол кырсыгы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.04.2021
Бишкекте бир автоунаа үч машина менен кагышып, кишилер жабыркады. Видео
Алай районунун 36 жаштагы тургуну Honda Stepwagon үлгүсүндөгү унаасы менен батыштан чыгышты карай бара жатып рулду башкара албай, жолдун четиндеги тосмону сүзүп, машина оодарылып кеткен.
Анын кесепетинен автоунаанын ичинде жүргүнчү катары бара жаткан Алай районунун 24, 25, 41, 54, 61 жаштагы жашоочулары жана Ош шаарынын 37 жаштагы тургуну ар кандай жарааттарды алып, райондук ооруканага жеткирилген. Ал эми айдоочу Ш.Д. алган жараатынан улам окуя болгон жерде каза болгон.
Кырсык боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0