Жалал-Абадда бизнесмендерди сабап, коркуткан шектүүлөрдүн бири кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековСойул кармап турган адам. Архив
Сойул кармап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.04.2021
Жазылуу
Министрликтен билдиргендей, кылмышкерлер бизнесмендерди ээн талаага алып барып ур-токмокко алып турган.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Милиция Кыргызстандын түштүгүндө бизнесмендерди өз көзөмөлүнө алууга аракет жасаган топ бар экенин кабарлады.
Маалыматка караганда, кылмыштуу топ "салык" төлөөдөн баш тарткан ишкерлер менен коммерсанттарды эл жок жерге алып барып сабап коркутуп турушкан.
"Жалал-Абадда апрель айынын башында үч киши 29 жаштагы ишкерди күчкө салып машина менен алып кетишкен. Аны ээн жерге алып барып акча талап кылып сабашкан", — дешти ИИМден.
© Фото / пресс-служба МВДШектүү
Задержанный по подозрению в членстве организованной преступной группировки - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Шектүү
Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган. 16-апрель күнү Жалал-Абаддан 29 жаштагы шектүүлөрдүн бири кармалган. Ал кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат. Милиция учурда шериктерин издеп жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0