Кара-Балтада аткыланган автоунаа. ИИМ жетекчилиги окуяны көзөмөлүнө алды

© AFP / ALI AL-SAADI Тапанчадан атып жаткан адам. Архив
Тапанчадан атып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.04.2021
Жазылуу
Арыздануучунун айтымында, түндө катуу чыккан үн угуп маани берген эмес. Эртең менен гана автоунаасы аткыланганын көргөн.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Кара-Балтада белгисиз адамдар автоунааны аткылап кетишти. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББден билдиришти.
Бүгүн, 20-апрелде, саат 08:00дөр чамасында Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө Б.Н. аттуу жарандын короодо токтоп турган унаасын белгисиз адамдар аткылап кеткени боюнча маалымат түшкөн. Жерине барган милиция кызматкерлерине 45 жаштагы Б.Н. түнкү саат 03:30дар чамасында катуу үн угуп, бирок маани бербегенин, эртең менен унаасын көргөндөн кийин гана милицияга кабарлаганын айткан. Toyota Camry үлгүсүндөгү унаага эки ирет ок чыгарылган.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") менен иш козголду. Тергөөнү ИИМ менен ИИББ жетекчилери көзөмөлдөөдө.
"Окуяга эмне себептен милициянын жетекчилиги көңүлүн бурду" деген суроого ИИББдин маалымат кызматы буга ок атуучу куралдын колдонулганы себеп болгонун билдирди.
ЖМКлардын маалыматына караганда, автоунаа саясий партиялардын биринин лидерине таандык. Айрым маалыматтар боюнча, кеп "Элдик-Народная" партиясын жетектеген Назми Бадалов жөнүндө болуп жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0