Кыргыз-тажик чек арасында чыр чыкты. Чоо-жайы

© Фото / пресс-служба ГПС КРСитуация на кыргызско-таджикском участке границы
Ситуация на кыргызско-таджикском участке границы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.04.2021
Жазылуу
Окуя тууралуу Баткен жана Согди облустарынын жетекчилери сүйлөшкөн. Учурда чек аралаш аймактарда абал туруктуу экени айтылды.
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Бүгүн Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен Ак-Сай айыл аймагында эки элдин ортосунда пикир келишпестик жаралган. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.
Чыр Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы суу бөлүштүрүүчү жайдын айланасында чыккан. Баткен райондук суу чарба ишканасынын кызматкерлери тарабынан оңдоп-түзөө жумуштары жүрүп жаткан учурда Тажикстандын чек арачылары келип ишти токтотууну талап кылышкан. Натыйжада эки жак талашып-тартыша кетишкен.
"Окуя болгон аймакка Баткен жана Исфара райондорунун акимдери башында турган тийиштүү жетекчилер барып, сүйлөшүүлөр жүрдү. Кыргыз өкмөтүнүн Баткендеги өкүлү Өмүрбек Суваналиев жана облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да аймакта болуп, облус башчысы Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода менен телефон аркылуу сүйлөштү.Тараптар бул маселе боюнча 22-апрелде Өзбекстандын Фергана шаарында өтүүчү форумдун алкагында жолугуп, талкуулоону макулдашышты", — деп айтылат маалыматта.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.04.2021
Ворух анклавы алмашылабы. Тажик президентинин пикири
Ал эми 18-апрелде Баткен жана Исфара райондорунун акимдеринин деңгээлиндеги сүйлөшүүлөр уланат.
Белгилей кетсек, оңдоп-түзөө жумуштарынын негизги бөлүгү аяктады. Маалыматта тажик тараптын жумуштарды биргеликте жасоо талабына кыргыз тарап макул болбогону айтылды. Учурда Баткен облусунун чек аралаш аймактарында абал туруктуу. 
Жаңылыктар түрмөгү
0