Жолтандабастын айдоочусу 2,3 млн. сомдук радарды тебелеп качып кетти. Сүрөт

© Фото / пресс-служба ГУОБДДБишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 90-чакырымында Lexus LX470 унаасынын айдоочусу "Автопатруль-Радар" аппараттык-программалык комплексин тебелеп, качып кеткен
Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 90-чакырымында Lexus LX470 унаасынын айдоочусу Автопатруль-Радар аппараттык-программалык комплексин тебелеп, качып кеткен - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2021
Жазылуу
Окуя бүгүн түштө Кемин районунун Бообек айылында болгон. Айдоочу изи сууй электе кармалып, унаасы айып короого киргизилди.
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 90-чакырымында Lexus LX470 унаасынын айдоочусу "Автопатруль-Радар" аппараттык-программалык комплексин тебелеп, качып кеткен. Бул тууралуу ЖКККББнын маалымат кызматы кабарлады.
Окуя бүгүн, 15-апрель күнү, саат 15:30дар чамасында Кемин районунун Бообек айылында болгон.
"Айдоочу изи сууй электе ЖКККББнын кызматкерлери тарабынан кармалды. Унаа айып короого киргизилип, тергөө бөлүмүнө өткөрүп берилди. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды", — деп айтылат маалыматта.
Көчмө "Автопатруль-Радар" аппараттык-программалык комплексинин наркы 2 миллион 324 миң 477 сомду түзөрү белгиленди. 
Жаңылыктар түрмөгү
0