Милиция: кызды күчкө салып унаага отургузган кишинин ким экени аныкталды

© AFP / CHANDAN KHANNAУнаанын жанында турган кыз. Архив
Унаанын жанында турган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2021
Жазылуу
Видеодон киши кызды күчкө салып унаага отургузууга аракет кылып жатканын көрүүгө болот. Окуя "Манас" аба майданынын унаа токтотуучу жайында болгон.
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Социалдык тармакка белгисиз киши кызга күч колдонуп унаага салып жаткан видео тарады. Окуяны күбөлөр тартып алган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Эртай SFR (@ertaisfr)

Ролик Ertaisfr Instagram баракчасына жарыяланды. Автордун айтымында, окуя 15-апрелге караган түнү "Манас" аэропортунда болгон.
"Кечээ түнү "Манас" аэропортунун унаа токтотуучу жайында "Хундай" унаасынын айдоочусу кызга күч колдонуу менен унаага отургузууга аракет жасап жатты. Аялы эмес окшойт. Кыз аны тааныбай турганын айтып кыйкырып жатты", — деди автор.
Милиция текшерүү иштерин жүргүзүп кишинин ким экенин аныктаган. 
"Унаа Б.К. аттуу жаранга катталганы менен аны Ысык-Атанын 22 жаштагы Р.М. аттуу тургуну колдонот экен. 15-апрелде 23 жаштагы аялы экөөнүн ортосунда пикир келишпестик болгон", — дешти милициядан.
Экөө тең бири-бирине доосу жок экенин билдиришкен.
Жаңылыктар түрмөгү
0