Чүй милициясы: күйөөсүнөн токмок жеген аял аны өлтүрүп тынды

© Фото / Pixabay/ LernestorodБалка. Архив
Балка. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2021
Жазылуу
Милициянын билдиришинче, аял кылмыш кылгандан кийин баласын көтөрүп ата-энесине кетип калган, балканы болсо Чоң Чүй каналына ыргытып жиберген.
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Ысык-Ата районунда аял жолдошун өлтүрүүгө шектелип жатат. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, Ивановка айылындагы үйлөрдүн биринен 34 жаштагы Х.И. аттуу кишинин сөөгү табылып, анын денесинде кыйнап өлтүрүлгөнүн далилдеген белгилер болгон. Факт боюнча Жазык кодексинин 130-беренеси ("Адам өлтүрүү") боюнча иш козголгон.
Шектүү катары 27 жаштагы М.Ф. кармалды. Ал маркумдун жубайы экени айтылды.
"Болжолдуу маалымат боюнча, окуя болгон күнү Х. И. ичип келип аялын сабап, андан кийин уктап калган. Ачууланган аялы сарайдан балканы алып келип күйөөсүн башка чапкылап салган", — дешти милициядан.
Кылмыш кылгандан кийин аял баласын көтөрүп ата-энесине кетип калганы, балканы болсо Чоң Чүй каналына ыргытканы айтылды. Учурда окуянын жагдайлары териштирилип, сотко чейинки өндүрүш уланууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0