Ошто каракчылык кылды деген үч киши качып баратканда кырсыктап көз жумду

© Фото / Зульфия ТургуноваОшто каракчылык кылып качып бараткан кишилер жол кырсыкка түштү
Ошто каракчылык кылып качып бараткан кишилер жол кырсыкка түштү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2021
Жазылуу
Милиционерлер шектүүлөр качып бара жаткан унааны токтотуу аракетин көргөн. Бирок алар талаптарга баш ийбей каршы тилкеге чыкканда жүк ташуучу унаа менен кагылышкан.
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Ош шаарында каракчылык кылып качып бара жаткан үч шектүү жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу маалыматты шаардык милиция тастыктады.
© Фото / Зульфия ТургуноваОш шаарында каракчылык кылып качып бара жаткан үч шектүү жол кырсыгынан каза болду
ДТП с подозреваемыми в разбое в Оше - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Ош шаарында каракчылык кылып качып бара жаткан үч шектүү жол кырсыгынан каза болду
Укук коргоо органдарына билдирүү бүгүн, 11-апрель күнү, саат 01:50дө түшкөн. Анда Ош — Ноокат жолунда, Жапалак айылынын аймагында ВАЗ-2106 үлгүсүндөгү жеӊил автоунаа менен DAF XF 95 430 үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа кагылышып, анын кесепетинен биринчи машинадагы үч киши көз жумганы айтылган.
Токтогулдагы жол кырсыгы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2021
Бишкек — Ош унаа жолундагы кырсыктан эки киши каза таап, бешөө жаракат алды
Каза болгондор 56 жаштагы эркек киши (унаасынын ээси), 40 жаштагы аял жана 40 жаштагы дагы бир эркек киши экени аныкталган. Экөө окуя болгон жерден, бирөөсү ооруканадан көз жумган.
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында шаардык милициянын Кайгуул-күзөт бөлүмүнүн кызматкерлери ВАЗ-2106 автокөлүгүн токтотуу максатында үн күчөтүүчү жабдыктар менен жарыктандыруучу маякты жандырып артынан барышканы аныкталган. Бирок алар талаптарга баш ийбестен каршы тилкеге чыкканда кагылышуу болгону айтылат.
"Бул иш боюнча милиция кызматкерлери суралып, алар унаадагылар каракчылыкка шектелгени үчүн кармоого аракет кылганын айтышкан. Кызматкерлердин билдиришинче, 10-апрель күнү кечинде шаар тургунунун үйүнүн эшигин бузуп киришип, аны дубинка менен ур-токмокко алып, акчаларын карактап кеткендиги тууралуу ыкчам маалымат түшкөн. Анын негизинде кайгуул кызматкерлери жабырлануучулар менен чогуу шектүүнү табууга аракет кылышкан. Жолдон алар ВАЗ-2106 унаасы менен бара жатканын көрүшүп, токтотууга аракет жасашкан", — деп айтылат маалыматта.
Учурда арыз жазган кишинин денесиндеги жаракаттардын оордугун жана каза болгондордун өлүмүнүн себептерин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Ошондой эле жол кырсыгына күнөөлүү айдоочуну аныктоо үчүн соттук-автотехникалык экспертиза жүрүүдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0