Бишкекте 14 жаштагы дагы бир өспүрүм кыз жоголду. Сүрөт

© Фото / PexelsСлучаи пропажи детей
Случаи пропажи детей - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.04.2021
Жазылуу
Кыздын энесинин айтымында, өспүрүм үч күн мурда Новосельский көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Бишкекте 14 жаштагы Феруза Сыдыкова жоголуп кетти. Бул тууралуу Свердлов райондук ИИБден билдиришти.
Кечээ күнү милицияга кыздын энеси кайрылган. Ал 7-апрель күнү түшкү саат 14:30да кызы Новосельский көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келбегенин билдирген.  
© Фото / Пресс-служба УВД Свердловского района БишкекаБишкекте 14 жаштагы Феруза Сыдыкова жоголуп кетти
Поиски пропавшей 14-летней Ферузы Сыдыковой - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Бишкекте 14 жаштагы Феруза Сыдыкова жоголуп кетти
Өзгөчө белгилери: бою 160 сантиметр, дене түзүлүшү орточо, чачы узун. Үстүнө кара көйнөк, кара куртка жана кара бут кийим кийип жүргөн. Курсагынын оң жагында аппендицитти алгандан кийинки тырыгы бар (болжол менен 7 сантиметр).
Ферузанын жүргөн жерин билгендер болсо (0553) 10-23-87, (0557) 11-94-10, (0702) 49-88-88, (0709) 33-24-63 жана 102 номерине кабарлай алышат.
Борбор калаада 14 жаштагы Айбийке дагы дайынсыз болууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0