Кара-Сууда кайнатасын өлтүрүп, кайненесин жарадар кылган шектүү кармалды. Сүрөт

© Sputnik / Табылды КадырбековБычак кармап турган адам. Иллюстративдүү сүрөт
Бычак кармап турган адам. Иллюстративдүү сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2021
Жазылуу
Шектүү балдарын көргөнү барганда кайнатасы үйгө киргизбей, экөө уруша кеткен. Аларды ажыратам деген кайненеси да эки ирет бычак жеген.
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Оштун Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүндө кайнатасын өлтүрүүгө шектүү киши кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.
© Фото / пресс-служба УВД Ошской областиШектүү
Подозреваемый в убийстве мужчины в селе Нариман - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Шектүү
Окуя 6-апрелде саат 23:20лар чамасында болгон. Анда ВЛКСМ аймагына 30 жаштагы киши балдарын көргөнү барганда кайнатасы үйгө киргизбей, экөө уруша кеткен.
"Кылмышка шектүү өзү ала келген ашкана бычагы менен кайнатасын далыга, көкүрөгүнө, сол колуна, моюнуна, ичине сайган. Ал 7-апрель күнү таңга маал ооруканадан көз жумду. Аларды ажыратам деген кайненеси да эки ирет бычак жеген, ал ооруканада", — деп айтылат маалыматта.
Факты боюнча Жазык кодексинин "Адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү камакка алынган. Бир катар экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө.
Каза болгон киши 44 жашта болгон, артында үч баласы калды. 30 жаштагы шектүү эки баланын атасы.
Жаңылыктар түрмөгү
0