Айзаданын өлүмү. Соцтармактагылар ИИМге каршы митингге чыгууга үндөп жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековМитинга по сохранению ледников у здания ЖК в Бишкеке
Митинга по сохранению ледников у здания ЖК в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2021
Жазылуу
Буга чейин бир катар интернет колдонуучулары ички иштер министринин кызматтан кетишин талап кылышкан.
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Социалдык тармактын колдонуучулары бири-бирин ИИМдин жетекчилигине каршы митингге чыгууга үндөп жатат.
Эске салсак, буга чейин бир катар колдонуучулар ички иштер министринин кызматтан кетишин талап кылышкан.
Интернетте бүгүн, 8-апрелде, саат 12:00дө ИИМ имаратынын алдына зомбулукка каршы тынчтык акциясына чыгууга үндөгөн чакырыктар тарап жатат.
Кража невест в КР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2021
Уурдалып, киши колдуу болгон Айзаданын окуясы боюнча жаңы жагдайлар айтылды
Кыздын сүрөтүндө "Бурулай, Айзада... дагы ким?" деп жазылган. Жарыяланган билдирүүлөр #требуемперемен #оңолкыргызэл #ойлон #тажадым #реформамвд #отставкамвд деген хештегдер менен коштолгон.
Бишкек мэриясынын маалымат кызматы акциянын уюштуруучуларынан билдирүү келе электигин айтты.
Ош шаарында да Ички иштер башкармалыгынын имаратынын алдында саат 12:00гө тынчтык пикетине чакырыктар болуп жатканы маалым болду.

Айзаданын өлүмү

Эске салсак, 5-апрель күнү эртең менен саат 7:30дар чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен үч бала 27 жаштагы кызды кызыл түстөгү унаага салып кеткен. Бул учур ошол жердеги кафенин видео байкоосуна тартылып калган. Милиция тарабынан изделип жаткан автоунаа 7-апрелде Чүйдөгү Арашан менен Чокморов айылдарынын ортосунан табылган.
Жергиликтүү чабан автоунааны 5-6-апрель күндөрү эле көргөнүн айтып, бирок маани бербегенин билдирген. Ал 7-апрелде гана автоунаанын жанына барып, салондун ичинен эки адамдын сөөгүн көрүп дароо милицияга чалган. Милициянын алдын ала божомолу боюнча, 36 жаштагы киши уруш-талаштан кийин кызды муунтуп, андан кийин өзүн бычактап, өмүрүн кыйган.
Кыз ала качкан балдарды милиция кармаганча кууган. Бишкектик үй-бүлөнүн видеосу  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.12.2020
Кыз ала качкан балдарды милиция кармаганча кууган. Бишкектик үй-бүлөнүн видеосу 
Милициянын ыкчам-тергөө тобу тарабынан кызды ала качууга катыштыгы бар деген адамдар изделип, жыйынтыгында 29 жаштагы Р.А. аттуу шектүү кармалган. Ал Тергөө кызматына жеткирилип, Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Күч органдары учурда дагы эки шектүүнүн жүргөн жерин аныктап, кармоо боюнча ыкчам-издөө иш-аракеттери жүрүп жатканын билдирди.
Белгилей кетсек, кыздын туугандары аны 5-апрелде эле издеп башташкан. Биринчи май райондук милицияга арыз жазып, бирок издөө иштери кечеңдеп жатканына нааразы болушкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0