Бишкектик кыз бир күндөн бери дайынсыз. Ала качкан учуру видеого түшүп калган

© Sputnik / Жоомарт УраимовАла качкан учуру. Иллюстративдик сүрөтү
Ала качкан учуру. Иллюстративдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2021
Жазылуу
5-апрель күнү эртең менен Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде үч бала кызды күчтөп унаага салып кеткен.
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Бишкекте 27 жаштагы кызды мурда сүйлөшкөн жигити ала качып кетип, бир күндөн бери дайынсыз болууда.
Кыздын эжеси Дамира Казбекова сиңдисин кечээ, 5-апрель күнү, эртең менен саат 7:00дөр чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде үч бала кызыл түстөгү унаага салып кеткенин билдирди. Бул учур жанындагы кафенин видео байкоосуна тартылып калган.
Туугандары Биринчи май райондук милицияга арыз жазган, бирок издөө иштери кечеңдеп жатканына нааразы болушууда.
“Сиңдим кечээ түштөн кийин 17:00дөр чамасында байланышка чыккан, баары жакшы деп айткандан кийин телефону өчүп калды. Ошондон бери дайынсыз болууда. Милицияга арыз жаздык, бирок жакшы реакция кылбай жатышат. Кызыбызды эртерээк таап беришин суранабыз”, — деди Казбекова.
Ал эми Биринчи май райондук милициясынын маалымат кызматы бул боюнча кийинчерээк комментарий берүүнү убадалады. 
Жаңылыктар түрмөгү
0