"Ош" базарынан аялдын сумкасынан 10 миң доллар уурдады делген киши кармалды

© REUTERS / Osman OrsalКиши долларларды санап жатат. Архив
Киши долларларды санап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2021
Жазылуу
Арыз жазган жабырлануучу 21-март күнү кызынын сумкасынан белгисиз кишилер ири суммадагы акчаны уурдап кеткенин айткан.
БИШКЕК, 6-апр. – Sputnik. "Ош" базарынан аялдын сумкасынан 10 миң долларын жана 50 миң рублин уурдоого шектелип 38 жаштагы А.Г. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.
© Фото / пресс-служба УВД Ленинского района г. Бишкек"Ош" базарынан аялдын сумкасынан 10 миң долларын жана 50 миң рублин уурдоого шектелип 38 жаштагы А.Г. аттуу жаран кармалды
Задержание подозреваемого в совершении кражи на Ошском рынке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
"Ош" базарынан аялдын сумкасынан 10 миң долларын жана 50 миң рублин уурдоого шектелип 38 жаштагы А.Г. аттуу жаран кармалды
21-март күнү борбор калаанын жашоочусу милицияга арыз жазып кайрылган. Ал ошол эле күнү түшкү саат 13:40тар чамасында Киев менен Кулиев көчөлөрүнүн кесилишкен жеринде белгисиз адамдар кызынын сумкасынан 10 миң доллар жана 50 миң рублди уурдап кеткендигин билдирген.
Чөнтөктөн телефон урдоо. Иллюстартивдүү сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.03.2021
Чөнтөк уурулардан кантип сактанууга болот? Милициянын кеӊеши
Факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси ("Уурулук") боюнча каттоого алынган.
Издөө иш-чараларынын негизинде шектүү катары 38 жаштагы А.Г. кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Милициядан учурда тергөө иштери жүрүп жатканын кабарлашты.
Жаңылыктар түрмөгү
0