Министрлик: Бишкек эпидемиологиялык абал боюнча кызыл зонага кирди

© REUTERS / Vladimir PirogovСитуация в Бишкеке в связи с введенем ЧП из-за коронавируса
Ситуация в Бишкеке в связи с введенем ЧП из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2021
Жазылуу
Министрдин орун басарынын айтымында, вирустун кайрадан күч алышына бет кап режими менен аралыктын сакталбаганы, ошондой эле массалык көңүл ачуучу иш-чаралар себеп болууда.
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Эпидемиологиялык абалды мониторингдөө учурунда Кыргызстан "кызыл", "сары" жана "жашыл зоналарга" бөлүнүп, учурда Бишкек шаары "кызыл зонада" турат. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов билдирди.
"Кызыл зонада" Бишкек шаары болсо, "сары зонага" Чүй облусу кирди", — деди ал.
Калган алты аймак азырынча "жашыл зонада" деп эсептелүүдө.
Министрдин орун басарынын айтымында, вирустун кайрадан күч алышына бет кап режими менен аралыктын сакталбашы, ошондой эле массалык көңүл ачуучу иш-чаралар себеп болууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0